Биз менен байланышыңыз

Эртең Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөөчү комиссиянын биринчи отуруму өтөт

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 1181 | 0

Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссиянын биринчи отуруму эртең, 12-майда саат 14:00дө Транспорт министрлигинин имаратында өтөт. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, жарандык активист Мавлян Аскарбеков «Маралга» билдирди.

Аскарбековдун айтымында, отурумда комиссиянын аткара турган иштери такталып, регламенти бекитилет.

«Эми комиссиянын курамы боюнча да отурумда талкуулайбыз. Негизинен курамы жаман эмес, оппозициячыл өкүлдөр жана иликтөөчү журналисттер бар. Ошол эле учурда кандайдыр бир жолдор менен экс-премьер-министр Боронов жана Матраимовго түздөн-түз байланышы бар Алканова да кирип калган», — деди ал.

Ошондой эле ал мурда бул окуя боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын протоколдорун алдырып, элге жарыялаша турганын кабарлады.

Мындан сырткары ал тиешелүү маалыматтарды алып, анализдегенден кийин коомчулукка ачык жарыялап турууга сөз берди.

Дача-Судагы авиакырсыкты иликтөөчү коомдук комиссия түзүлдү (тизме)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM