Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда «Европа эмдөө жумалыгы» башталды

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 308 | 0

Кыргызстанда 11-майдан 18-майга чейин «Баарына узак өмүр» аталышындагы жалпы эмдөө өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

«Европа эмдөө жумалыгы» деп аталган бул өнөктүк 2005-жылы башталган. Программага кошулган өлкөлөргө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ЮНИСЕФ колдоо көрсөтөт.

Жапырт эмдөөдөн өткөрүүдөгү негизги максат адам баласындагы ооруга каршы иммунитетти көтөрүү, адамзаттын дени сак, узак жашоосуна жардам берүү болуп саналат.

Балдарды жана чоңдорду эмдөөдөн өткөрүү үчүн өлкө боюнча 65 мобилдик бригада жер-жерлерде ишин баштады. Эмдөөдө айрыкча, акыркы убактарда Тажикстанда көбүрөөк таралып жаткан кызамык оорусуна бөгөт коюуга басым жасалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM