Биз менен байланышыңыз

Депутаттар ӨКМдин селге каршы көрүлгөн чараларына нааразы болууда

Саясат | 11 мая 2022 | 634 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарын каптаган селдин кесепеттерин жоюу жаатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көрүп жаткан чаралар боюнча маалымат угушту. Анда ӨКМдин орун басары кырсыктан кийинки жасалган иштер жана алдыдагы пландар туурасында баяндады. Депутаттар нааразычылыгын билдиришип, бир катар эскертүүлөрдү беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, 3-майда саат 16:00 чамасында Алай районундагы Корул дарыясы ташып, Тогуз-Булак жана Биринчи Май айылдарындагы көпүрөлөрдү, 294 турак үйдү, ички жолдорду, чарбактарды, коомдук имараттарды алган. Мунун кесепетинен 4 көпүрө жарактан чыгып, 6 электр мамычасы кыйылып түшүп, 15 кой жана 5 уй агып кеткен.

4-май күнү Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 910 турак үйдү сел каптап, анын ичинен 410 үйгө суу кирип, 23ү жашоого жараксыз болуп калган. Андан тышкары 497 үйдүн короосун, 12 коомдук имаратты суу каптаган. Ошондой эле 12 бодо мал, 3 кой, 652 үй канаттуу, 60 бал челек селге аккан. Жалпы 4478 жаран медициналык кароодон өткөн.

5-майда Өзгөн, Лейлек, Кара-Буура, Чаткал районундагы айылдарды сел алган.

6- майда Ноокат районунда сел жүрүп, бир үй жарактан чыгып, 2 көпүрө бузулуп, бир унаа агып кеткен.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Жумабеков селден жабыркагандарга кенемте төлөө үчүн жана аймакты калыбына келтирүү үчүн бөлүнө турган акча маселеси боюнча нааразычылыгын билдирди.

Ага каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева жооп кылып, акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип түшкөн арыздын негизинде гана бөлүнө турганын маалымдады.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бизге арыз келип түштү. Биз ал боюнча май айында акча бөлө турган болдук, эртеңден тарта акчасын алып башташат. Буга чейин да акчалары бар болчу, бирок бүгүнкү күнгө койгон 40 млн сом боюнча киргиздик. Калган органдардан арыз келип түшө элек, качан арыз келип түшкөндөн кийин гана бюджеттен акча каралат». 

Ал эми депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусунун Раззаков шаарындагы жана Кара-Таш айылындагы сайларга дамба куруу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылганын айтып, бир да жолу майнаптуу иш жүрбөгөнүнө нааразы болду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен облусунда селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча планга 40 объект киргенин, алардын төртөөндө иш жүрүп жатканын кабарлады.

«Учурда селден коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 20 млн сом сурап жатабыз. Кандай чечилсе, ошого пландан сырткары аткарууга даярбыз. Баткен облусунда селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча планга 40 объект кирген: Кызыл-Кыяда 1,  Кадамжайда 12, Баткенде 6, Лейлекте 11 жана башка. Жалпы 40 участоктун 21инде иштер аткарылды, төрт участокто иштер жүрүп жатат, алдыда дагы 9 жерде иш улантылат».  

Депутат Таалайбек Сарыбашов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары жок экенин сындады.

«Табигый кырсык болгондон кийин жерине барып жардам бергениңер жакшы. Бирок кырсыктын алдын алуу жана өзгөчө кырдаал катталганда аны өз убагында жоюу силердин түздөн-түз милдетиңер болуп эсептелет. Биз жерине барып, тургундар менен сүйлөштүк. Алардын айтуусунда, силердин колуңарда тазалай турган элементардык күрөк да жок экен. Техникалар барса, соляркасы жок болуп калат».

ӨКМдин өкүлү Шамырканов табигый кырсыктарын алдын алуу иштерине Каржы министрлиги тарабынан каражат толук бөлүнө элегин, этап менен берилип жатканын айтты.

«Жаан туруп туруп эле чакалап төгүп салып жатат, мурда мындай болгон эмес. Акыркы 5 жылда ушундай абал байкалууда. Өлкөдө жүргөн селдин баары локалдык болгондуктан, кесепеттери оор болуп жатат. Өлкө боюнча жалпы 384 участокту аныктаганбыз». 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын менен Сузакта сел алып, жабылып калган жолдор ачылбай турат. Азырынча табигый кырсыктан тарткан зыяндын так эсеби чыга элек.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Министрлер кабинетине табигый кырсыктарды болтурбоо чараларын көрүүнү сунушташты.

Copyright © 2017 Maral FM