Биз менен байланышыңыз

Кытай армиясы Тайванга жакын аймакта машыгууларды өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2022 | 453 | 0

Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайван аралынын чыгыш жана батыш жээгинде аскердик машыгууларды өткөрдү. Бул тууралуу Кытай армиясынын башкы штабы маалымдаган.

Башкы штабдын билдирүүсүндө аскердик машыгуулар деңиз жана аба күчтөрүнүн катышуусунда болуп өткөн.

Машыгуулар учурунда согуштук ракеталардан пайдаланылган.

«Аскердик машыгуунун максаты биргелешкен операцияларды өткөрүү чагында бардык күчтөрдүн согуштук даярдыгын текшерүү жана арттыруу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 6-майда Тайвандын Коргоо министрлиги Кытайдын 18 аскер учагы аралдын абадагы чек арасын бузуп киргенин айтып чыккан болчу.

Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, алардын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий көйгөй. Кытай Тайванды 1912-жылы түптөлгөн Кытай Республикасынын жалгыз укуктуу «мураскери» катары көрөт. Тайвань бул көйгөйдү чечүү үчүн БУУга кайрылып, көз карандысыздыкты алууну көздөсө, ал эми Кытай Тайванга Гонконг сыяктуу атайын статус берүүгө макул экенин билдирген. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек.

Байден Украина үчүн ленд-лиз мыйзамына кол койду. Бул эмнени түшүндүрөт?

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM