Биз менен байланышыңыз

Байден Украина үчүн ленд-лиз мыйзамына кол койду. Бул эмнени түшүндүрөт?

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2022 | 3046 | 0

АКШ президенти Жо Байден «2022-жылда Украинадагы демократияны коргоого багытталган «ленд-лиз» деп аталган мыйзамга кечээ, 9-майда кол койду.

Аталган мыйзам Орусия Украинага кол сала электе, тагыраагы январь айында Конгресске келип түшкөн болчу. Аны 3-майда Конгресстин өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш (417 макул, 10 каршы) менен колдоп берген. Ага чейин АКШ Сенаты да бул мыйзамды колдогон.

Байден кол койгон «ленд-лиз» мыйзамы боюнча эми АКШ президенти Украинага же Орусиянын баскынчылыгынан жабыр тарткан Чыгыш Европа өлкөлөрүнө карыз же аскердик куралдарды берүү үчүн өкмөткө түз тапшырма бере алат. «Ленд-лиз» мыйзамы ортодо бир топ убакытты ала турган бюрократиялык тоскоолдуктарды аттап өтүүгө жардам берет.

«Ленд-лиз» мыйзамы акыркы жолу АКШда II дүйнөлүк согуш учурунда колдонулган. Анда АКШ так ушул мыйзам аркылуу согушка катышып жаткан союздаштарына курал-жарак, мунай өнүмдөрү, дары-дармек, тамак-аштарды алдын ала төлөмү жок узак мөөнөттүү шартта жиберип турган. Айрыкча АКШнын ошол кездеги союздашы СССРге да «ленд-лиз» мыйзамы аркылуу жардам келип турган.

АКШ азыркы тапта Украинадагы согуш башталгандан бери 3 жолу аскердик жардам жиберди. Алардын ар бири 800 млн доллардан ашат. Жо Байден 28-апрелде Украинага жардам көрсөтүү үчүн Конгресстен кошумча 33 млрд доллар сураган.

Ленд-лиз деген эмне?

Англисче land жана lease сөздөрүнөн алынган сөз айкашы «карыз берүү» же «ижарага берүү» деген маанини түшүндүрөт. Бул мыйзам адатта курал сатуудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды аттап өтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Эгер АКШ Украинага «ленд-лиз» мыйзамын киргизбей туруп курал берсе, анда украин тарап АКШдан алган курал-жаракты 5 жыл ичинде өз ордуна коюшу шарт же келтирилген зыяндын ордун толтуруу зарыл. Ал эми ленд-лиз мыйзамы күчүнө киргенден тартып АКШ Украинага аскердик колдоону өздөрү каалагандай узак мөөнөткө берет.

Ошондой эле Байдендин админстрациясы Конгресске Украинага жибериле турган ар кандай курал-жарактар тууралуу отчёт берүү милдетинен убактылуу бошотулат. Аскердик эксперттердин пикиринде, АКШ бул мыйзам аркылуу Украинага эми өтө көп өлчөмдө оор аскердик техникаларды бериши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM