Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров өлкө калкын Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 157 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө жарандарын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү —  улуу майрам менен куттуктайм. 

1418 узак күн жана түн адамзат тарыхындагы эң кандуу жана каардуу согушка созулду. Арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон советтик жоокерлердин укмуштуудай күч-аракети, баатырдыгы жана кайраттуулугу үчүн биз биргелешип арамза душманды талкалай алдык. Эркиндик жана бейпил асман үчүн жанын берген баатырларга түбөлүк даңк!

Мен согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине, Ленинград блокадасын, согуштун оор сыноолорун жана коркунучтарын башынан өткөргөн, азап менен кыйынчылыктарды жеңип, фашизм менен бул айыгышкан салгылашууда жеңишке жетишкендердин бардыгына терең ыраазычылык билдиргим келет. Эрдигиңер үчүн силерге таазим!

Жеңиш күнү майрамыңыздар менен!», — деди Жапаров.

Бүгүн, Кыргызстанда Жеңиштин 77 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул күндүн урматына бир катар өлкөлөрдөн куттуктоолор келүүдө.

1941-1945-жылдардагы фашизмге каршы Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун жоокер катышып, 90 миңге чукул жоокер курман болгон. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры ардак наамын алып, 29 кыргызстандык Даңк орденинин кавалери болгон. Андан тышкары 150 миңдей адам ар кандай даражадагы орден-медалдар менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM