Биз менен байланышыңыз

10-майдан 13-майга чейин Боом капчыгайында таш кулатылат

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 357 | 0

10-майдан 13-майга чейин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун 118-чакырымындагы Боом капчыгайында коркунуч жараткан таштар атып түшүрүлөт. Бул маалыматты «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Иш күндүзгү саат 9:00дөн саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта жолдун бир тарабы жабылып, 30-40 унаа топтолгон кезде кайра ачылып турат.

Таштар коркунучту болтурбоо, алдын ала чара көрүү максатында кулатылып жатат. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери кырдаалга жеринен байкоо салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM