Биз менен байланышыңыз

Тажик президенти кыргыз элине тынчтык жана өнүгүү каалады

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 786 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

«Каардуу жылдарда биздин өлкөлөрдүн эли бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкен. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган даңктуу эрдиги жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер тараптардын жалпы кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем», — деген Эмомали Рахмон.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Ушундай эле куттуктоону Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да жолдоп, «Бул ыйык күн дүйнөнү фашизмден сактап калган элибиздин болуп көрбөгөндөй эрдигинин, өзгөчө кайратмандыгынын жана эрдигинин символу катары тарыхта түбөлүккө жазылып калды. Боордоштуктун жана ички жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем. Кыргызстандын бардык ардагерине жана тыл эмгекчисине терең ыраазычылык сөздөрүн айтам», — деген.

Ал эми Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев: «9-май – биздин элибиздин жеңилгис эрдигин жана кайратынын, тынчтык жана эркиндик үчүн күрөшүн, өз ара тилектештикти символдоштурган ыйык майрамдын күнү. Бул майрамдарда биз согуш талаасында жанаша баатырларча салгылашкан ардагерлерибизди жана тылда жан аябаган аталарыбызды, чоң аталарыбызды терең урматтоо менен эскерип, аларга чексиз урмат-сыйыбызды билдиребиз. Биздин жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана жетишилген бардык макулдашууларды толук ишке ашыруунун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тыгыз достуктун жана ынак коңшулаштыктын негизинде түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем», — деп белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM