Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин кыргызстандыктарды Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 373 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

«Ушул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем», — деген Владимир Путин.

Андан тышкары Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине куттуктоо жолдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM