Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү Түштүк дарбазадан башталды

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 180 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жүрүшү Түштүк дарбаза тараптагы Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» паркынан башталды.

Учурда алар Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов көчөлөрү аркылуу «Жеңиш» аянтын көздөй келе жатышат.

Буга чейин жүрүштүн катышуучуларына Z, V сыяктуу эн белгилерди, Георгий тасмасын, Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга тыюу салынган. Эрежеге баш ийбегендерге 5500 сом айып салынары айтылган. Ошондой эле бул жолку салтанатта аскердик парад өтпөй турганы кабарланган.

Айта кетсек, «Өлбөс полк» жүрүшү алгач 2011-жылы Орусияда башталган.

2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн форматта өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM