Биз менен байланышыңыз

Луганскта 90го жакын адам башпаанек кылган мектеп бомбаланды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2022 | 471 | 0

Луганск аймагынын Белогоровка айылында 90го жакын адам башпаанек кылып турган мектепке бомба түштү. Бул маалыматты облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Гайдай «Телеграм» каналына жазды.

Маалым болгондой, бомбалоо кечээ, 7-майда болгон. Гайдайдын айтымында, чабуулдан каза тапкандардын саны 60тан ашышы мүмкүн.

Мектепке авиабомба түшүп, толук өрттөнүп кеткен. Өрт төрт сааттан кийин өчүрүлгөн. Урандыларды казуу учурунда 30 чамалуу адам тирүү, эки адам өлүү табылган. Тирүү калгандардын жетөө оор жарадар болгон.

Украина жана Батыш Европа окуяга Орусияны күнөөлөп, «карапайым адамдарды бутага алды» деген айып коюшууда. Ал эми Москва муну четке кагып жатат.

Сергей Гайдай берген маалыматка караганда, бомбаланган мектепке Орусия аскердик чабуулун баштаганда айылдан чыгып кетүүгө үлгүрбөй калган тургундар жашырынган.

24-февралда башталган Орусиянын Украинага чабуулу учурда да токтобой келет. Учурда согуш Донбасс, Мариуполь, Одесса, Киев аймактарында жүрүп жатканы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM