Биз менен байланышыңыз

Ооганстан тараптан Тажикстанга чабуул жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2022 | 3309 | 0

Ооганстан тараптан Тажикстанга чабуул жасалды. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматы билдиргенин «Спутник» маалымат порталынын тажик кызматы жазды.

Маалым болгондой, Ооганстан тараптан Тажикстандын Фархор районуна жети ракета атылып, снаряддын төртөө Амударыяга, үчөө жанындагы токойго түшкөн.

Аба чабуулдан жабыркагандар жок экени кабарланды.

«Чек арачылар ооган террорчуларынын унаасын көрүшкөн. Унаа күйүп кеткен. Андагы үч кара ниет жаракат алган, алардын биринин абалы өтө оор», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM