Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабык болот

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 370 | 0

Эртең, 9-майда Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт. Ага байланыштуу айрым көчөлөр жабык болот. Бул тууралуу борбордун Кайгуул милициясы билдирди.

Маалым болгондой, катышуучулар саат 9:00-13:00 аралыгында Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» паркынан «Жеңиш» аянтына чейин жүрүш жасашат.

Бул учурда Байтик Баатыр жана Жусуп Абдрахманов проспектинин Аалы Токомбаев көчөсү менен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү, Жумабек көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов проспекти менен Султан Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат.

Жүрүштө каттоодон өтпөгөн маалымат каражаттарына дрон менен сүрөт, видео тартууга тыюу салынат. Иш-чараны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM