Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Ажы башчылар 12-майда сынактан өтүшөт

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 477 | 0

Сауд Аравияга ажылык сапарга чыккандарды жетектеп бара турган ажы башчылар 12-майда сынактан өтүшөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ажы башчылыкка талапкерлер алгач 12-майда «Кыргызтесттин» имаратында 100 суроого жооп беришет. Сынак саат 10:00дө башталат. Суроолор муфтияттын сайтына жайгаштырылды.

Сынактан ийгиликтүү өткөндөр 13-майда аңгемелешүүгө киришет. Ал муфтияттын жыйындар залында болот.

Айта кетсек, Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 миң 766 квота бөлгөн. Зыяратчыларды 55 ажы башчы жетектеп барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM