Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күзгө чейин 16 мектеп, 5 бала бакча салынат (сүрөт)

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 404 | 0

15-сентябрга чейин Бишкек шаарында 16 мектеп, 5 бала бакча салынып бүтөт. Бул маалыматты мэр Эмилбек Абдыкадыров №40 орто мектептин кошумча корпусуна капсула салуу учурунда айтты.

«Урматтуу шаардыктар! Учурда жүрүп жаткан курулуш иштерине түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууну өтүнөм. Биз курулушту өз убагында бүткөрүү үчүн курулушчулардан эки, ал тургай үч нөөмөт менен иштеп берүүнү суранып жатабыз. Биз келечек муундун татыктуу билим алуусуна, мугалимдердин ыңгайлуу иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек», — деди Эмилбек Абдыкадыров.

Учурда Бишкектеги мектептерди жана бала бакчаларды бүткөрүү үчүн 20 курулуш компаниясы иштеп жатат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул эле күнү №35 мектептин спорт залынын, №20 жана №73 орто мектептеринин кошумча корпустарынын да пайдубалына капсула салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM