Биз менен байланышыңыз

Чек арадан электрондук эсеп-фактурасы жок жүк өткөрүлбөшү керек

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 505 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев Казакстанга жүк ташыган унаалардын эркин кирип чыгуусу боюнча кеңешме өткөрдү. Анда 2022-жылдын 19-апрелинде Кыргызстан-Казакстан өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмесинде кабыл алынган протоколдун 1-пунктунун аткарылышы, жүк ташуучу унаалардын биздин өлкөнүн аймагынан электрондук эсеп-фактуралары жок чыгып кетишине жол бербөө чаралары каралды.

Сөз болуп жаткан протоколдо кыргыз тарап ташылган жүктү электрондук эсеп-фактурасы жок өткөрбөшү керектиги, ал эми казак тарап ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен келаткан жүккө текшерүү, көзөмөлдөө чараларын жүргүзбөй турганы каралган.

Бул боюнча атайын токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Салык кызматы менен Чек ара кызматы 9-майдан тарта жүк ташуучу унааларды биргелешип көзөмөлгө алат. Буларга Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да көмөк көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM