Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Белес KG» компаниясына 10 автобус буюртма берилгенин айтты

Кыска кабар | 7 мая 2022 | 852 | 0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, ата-мекендик өндүрүштөгү «Белес КЖ» автобустары тууралуу да комментарий берди.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы жергиликтүү өндүрүштөгү автобустарды сатып албай турганын билдирген. Буга жүйөө катары автобустардын сертификаты жоктугун жана баасы кымбаттыгын айткан. Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров аталган автобустар менен жеринен барып таанышкан учурда мамлекет сатып аларын, жергиликтүү өндүрүштү колдой турганын билдирген болчу.

«Ооба. Биз ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү колдойбуз. Колдобойбуз деген эч ким жок. Бул автобус биринчи жолу чыгып жатат. Андан тышкары, бир гана автобус чыкты. Мэрияга болсо 2000 автобус керек. Ошондуктан, азырынча 10 автобус, 10 троллейбус заказ берип, аны бир жыл сынактан өткөрөлү деп чечтик. Сынактан өтөөрү менен массалык түрдө буйрутма беребиз. 2000 автобуска оңой эмес акча каражаты кетет. Ал акча бюджеттин акчасы. Анан баарын буйрутма берип алып сынактан өтпөй калса ким жооп берет. Бул жагын да карашыбыз керек да. Менчик акчаң болсо анда тобокелге бара берсең болот эле. Элдин ар бир тыйынын сарптоодо кылдат болушубуз керек. Ийгиликтин эрте кечи жок. Кудай буюрса баары жакшы болуп кетсе, ата мекендик компания «Белес» да бутуна турат. Сабыр кылып тургула» -деп комментарий берген президент Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, «Белес КЖ» Кыргызстанда куралган алгачкы автобустарды өндүрүүнү жолго коюуда. Алардын алдыдагы максаттары жана сертификатка байланыштуу мэрия менен түшүнбөстүктөрү тууралуу төмөнкү маалыматтан кеңири окуй аласыздар:

«Белес KG»: Биз баштапкы колдоону өз өлкөбүздөн күткөнбүз

Copyright © 2017 Maral FM