Биз менен байланышыңыз

Президент: Дөөлөт Сыдыков манасчы эмес эле, «пиарчы» экен

Кыска кабар | 7 мая 2022 | 536 | 0

Президент Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айланасындагы талкууга байланыштуу кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек курду.

Анда өлкө башчы манасчыга карата эч кандай куугунтук болбогонун, ал кайтып келсе анын коопсуздугун кепилдей турганын билдирди. Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бул кадамын пиар катары баалап, аны менен эч кандай душмандык мамиле болбогонун кошумчалады.

«Куугунтук кылгыдай ал менин душманым беле? Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды» — деди президент.

Мындан сырткары, манасчыны сүйлөшүүгө үч жолу чакырганын жана «Манас» айылын оңдоо ниетин билдирип, макетин көрсөтүүнү сунуштаганын да айткан.

 «Манас айылын» Манас айылы деген атка татыктуу кылып оңдоп коелу деп жасап жаткан иштерди көрсөтүп коеюн, администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка «Манас театры», кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем. Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса түшүнүп кайра тескерисинче колдоп калаар деген ой менен чакыргам. Келбейм деп, керсейип келбей коюптур. Мейли келбесе деп ишти улантып жатабыз. Мамлекет бир кекейген адамга карап олтурмак белек» — деп кошумчалаган өлкө башчысы.

Ошондой эле, Дөөлөт Сыдыков азыркы «Манас» айылын дэрлик бир жылдай жетектегенин жана эч кандай өзгөртүү киргизбегенин да белгилеп өткөн.

«Манас айылын» чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бүткөндөн кийин баа бергиле. Ким туура, ким туура эмес кылып жатканын. Тез эле бүтөбүз. Эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы Манас айылы болот. Түбөлүк калат. Азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Анысы аз келгенсип Манаска таандык бир сөлөкөт жок. Манас айылы деп айткандан уяласың» — деп сөзүн жыйынтыктаган Садыр Жапаров.

«Манаска каршы чыккан кишинин жакшы болгонун уккан эмесмин»

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM