Биз менен байланышыңыз

Чөп чыккан асфальт. Тендер мыйзамсыз өткөнү аныкталды

Кыска кабар | 7 мая 2022 | 882 | 0

Баткен шаарындагы 50 жылдан бери карала элек стадион быйыл Ноорузда президент келердин алдында жасалып бүткөн. Стадионго жаңы куюлган асфальттын үстүнө бир жарым ай өтпөй көк чөп өсүп чыгып, коомчулуктун талкуусуна кабылды. Учурда бул боюнча УКМК иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы расмий кабарланган.

Ал эми кечээ, 6-майда “МедиаХаб” журналисттик иликтөөчүлөр тобу оңдоп-түзөө иштери менен кайсы фирма алектенгенин иликтеп, тендер одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн таап чыктык, -деп видеорепортаж жарыялады.

Стадионду оңдоп-түзөө үчүн 15 миллион сом бөлүнгөн. Журналисттик иликтөөдө айтылгандай, тендер 28-мартта гана жарыяланган. Ал эми жеңүүчүсү 4-апрелде аныкталган. Тендердин 8,5 миллион сомдук биринчи бөлүгүн Соорбеков Курбанбек аттуу жеке ишкер уткан. Калган экинчи бөлүгүн “Жакшына Проект” аттуу компания утат.

Ал эми асфальт 21-мартка чейин эле жасалып калган. А тендер болсо бир аптадан кийин гана жарыяланып атат. Бул Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын одоно бузуу деп эсептелинет. Тендер асфальт басылгандан бир жумадан кийин жарыяланганын аткаруучу компаниянын жетекчиси Курбанбек Соорбеков да журналисттерге тастыктаган.

Баткендеги чөп чыккан асфальт. УКМК ишти көзөмөлгө алды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM