Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чөп чыккан асфальт. УКМК ишти көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 710 | 0

Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу УКМК билдирүү таратты.

Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында аткаруучу компания тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган.

«УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүүгө алды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча кабарлап турат» , — деп айтылат маалыматта.

Баткен шаарынын борбордук стадионунда оңдоп-түздөө, асфальт төшөө иштери быйыл мартта жасалган. Андан кийин президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM