Бүгүн, 7-майда саат 18:00дө Улуттук тарых музейинин алдында алгачкы жолу оркестр коллективдеринин катышуусунда гала –концерт өтөт.
Анда Маданият министрлиги тарабынан уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, байгелер тапшырылат. Иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов да катышат. Ошондой эле концерттик программа катары өлкө боюнча катышып жаткан 16 оркестр коллективдеринин мыкты чыгармалары тартууланат.
Аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-майда оркестр коллективдеринин кароо сынагы болуп өткөн.
10-майда Бишкек, Ош жана Караколдо «Европа айылдары» иш-чарасы өтөт