Биз менен байланышыңыз

10-майда Бишкек, Ош жана Караколдо «Европа айылдары» иш-чарасы өтөт

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 411 | 0

Европа күнүнө карата Евробиримдик(ЕБ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү кыргызстандыктарды 10-майда «Европа айылдары» иш-чарасына чакырат.

«Европа айылдары» майрамдык иш-чарасы – Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында өтөт. Бул саамалык маанилүү тарыхый датаны  – Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун 30 жылдыгын белгилейт.

Европа айылдары Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги жетишкендиктерин чагылдырып, биримдикке мүчө-мамлекеттеринин маданиятын тартуулайт, ошондой эле кызматташуунун өнүктүрүү келечеги сунушталат. Конокторду европалык салттуу тамак-аштардын даамын татуу, түркүн түстүү шоу-программа, байгелүү сынактар, ошондой эле жергиликтүү ырчылардын концерти күтөт.

Иш-чаралар 10-майда саат 13:00дө үч шаарда өткөрүлөт:

Бишкек, Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы аллея («Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында).

Ош, Токтогул Сатылганов атындагы парк.

Каракол, шаардын Борбордук аянты.

Кирүү акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM