Европа күнүнө карата Евробиримдик(ЕБ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү кыргызстандыктарды 10-майда «Европа айылдары» иш-чарасына чакырат.
«Европа айылдары» майрамдык иш-чарасы – Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында өтөт. Бул саамалык маанилүү тарыхый датаны – Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун 30 жылдыгын белгилейт.
Европа айылдары Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги жетишкендиктерин чагылдырып, биримдикке мүчө-мамлекеттеринин маданиятын тартуулайт, ошондой эле кызматташуунун өнүктүрүү келечеги сунушталат. Конокторду европалык салттуу тамак-аштардын даамын татуу, түркүн түстүү шоу-программа, байгелүү сынактар, ошондой эле жергиликтүү ырчылардын концерти күтөт.
Иш-чаралар 10-майда саат 13:00дө үч шаарда өткөрүлөт:
Бишкек, Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы аллея («Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында).
Ош, Токтогул Сатылганов атындагы парк.
Каракол, шаардын Борбордук аянты.
Кирүү акысыз.