Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери Орусиядан 4 млн адам чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2022 | 626 | 0

2022-жылдын биринчи кварталында Орусиядан 3,8 млн киши чыгып кетти.

Маалыматка ылайык, алардын көпчүлүгү Түркия (364 миң киши), Египет (352 миң) жана Казакстанга (205 миң) жер которушкан.

Ошондой эле 134 миң киши Арменияга кеткен. Мындан тышкары 92 миң орус жараны Доминикан республикасына, 61 миңи Германияга, 48 миңи Литва жана 38 миңи Грузияга чыгып кеткени айтылды.

Мындан сырткары коңшу Өзбекстанга соңку 2 ай ичинде 6 миңдей орус жана беларус жарандары көчүп келген. Алардын көпчүлүгү IT-адистер экени айтылды. Ал эми Кыргызстанга да орусиялык жарандар көчүп келип жатканы ЖМКларда айтылган. Бирок алардын так саны тууралуу расмий маалымат азырынча жок.

Өзбекстан чет элдик адистер үчүн IT-viza бере баштайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM