Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан чет элдик адистер үчүн IT-viza бере баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 406 | 0

Өзбекстан 1-апрелден тарта чет элдик IT-адистер, инвесторлор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн IT-viza бере баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

IT-viza маалымат технологиялары жаатында иштеген адистер, Өзбекстандагы IT-Parkтын мүчөсү болгон компаниялардын кызматкерлери жана инвесторлор үчүн ушул жылдын 1-апрелинен тарта 3 жылдык мөөнөткө берилип баштайт.

IT-viza алган чет өлкөлүк жарандар 3 жыл ичинде Өзбекстанга эркин кирип-чыгууга, кайрадан каттоого турбастан өлкөнүн бардык аймактарын эркин кыдырууга жана Өзбекстандын жарандары үчүн белгиленген медициналык камсыздоо, билим берүү мекемелеринде акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ошондой эле IT-viza алган чет элдик жарандардын жакындары үчүн да 3 жылдык «конок визасы» берилет.

Буга чейин өзбек бийлиги IT-компаниялар үчүн бир катар жеңилдиктерди жарыялап, 2028-жылга чейин салыктардан бошоткон болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM