Биз менен байланышыңыз

«Манас» театры бүгүн ачык асман алдында концерт берет

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 270 | 0

Кыргыз улуттук «Манас» театры бүгүн, 6-майда ачык асман алдында концерт берет. Бул тууралуу театрдын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

«Манас» театры 6-7-май күндөрү Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн «Ынтымак жакшы ырк жакшы, ырыскылуу журт жакшы»- деп аталган концерттик программасын тартуулайт.

Концерт саат 18:00дө Ынтымак-2 сейил багында башталат.

Театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген.

Президенттин ушул жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

«Манас айылы» оңдолгондон кийин кандай өзгөрөт? (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM