Биз менен байланышыңыз

7-майда күндүн табы 31 градуска чейин ысыйт

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 354 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 7-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градуска чейин жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM