Биз менен байланышыңыз

Айдоочу жана наристе каза болгон кырсык тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 1278 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунда 2-май күнү жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлады.

2-май күнү саат 18:30 чамасында Бишкектен Ошту көздөй бара жаткан Жалал-Абад шаарынын тургуну 1961-жылы туулган А.К., «Митсубици» унаасы менен жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан Ноокен районунунун тургуну 1990-жылы туулган П.Д. башкаруусунда «Хонда-Степвагон» менен кагылышкан.

Натыйжада «Митсубици» унаасынын айдоочусу жана «Хонда-Степвагон» унаасында бара жаткан 2021-жылы туулган наристе окуя болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

Ал эми «Хонда-Степвагон» унаасынын айдоочусу 1990-жылы туулган П.Д., жана анын жүргүнчүлөрү райондук ооруканага жаткырылган. Алардын аты-жөнү:

1981-жылы туулган А.И.,

1969-жылы туулган А.А.,

1993-жылы туулган А.С.,

1983-жылы туулган Ж.М.,

2013-жылы туулган Т.К.,

1987-жылы туулган М.Э.,

1988-жылы туулган С.Н.,

2019-жылы туулган Т.Ф.,

2017-жылы туулган А.А.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM