Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Июнь-июль айларында оору күчөшү мүмкүн

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 300 | 0

Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 инфекциясы күчөшү мүмкүн.

Бул тууралуу коронавируска каршы чараларды көрүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.

Ошол мезгилге чейин иммунитетти чыңдоо жана эмдөөдөн өтүү сунушталат. Өлкөдө вакциналардын бардык түрү бар.

3-майга карата жаңы учурлар, илдеттен сакайгандар жана каза болгондор катталган жок. Республика боюнча амбулатордук дарыланууда беш адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 405 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM