Биз менен байланышыңыз

4-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 387 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең 4-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл жана Нарын облусунун аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM