Биз менен байланышыңыз

Баткендин Чек айылынын тургуну изделүүдө

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 273 | 0

Баткен  районунун Чек айылынын тургуну 33 жаштагы Сапаралиев Данияр Абдиманнапович 27-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн «Тико» үлгүсүндөгү  А 5627 К номурлуу автоунаасы менен чыгып кеткен.

Ошол бойдон жүргөн жери дайынсыз болууда. Бул факты боюнча Баткен райондук милициясы издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилери: бою 160-165 см, кашы көзү кара, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.

Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Эгер кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылса болот.

Байланыш үчүн номерлер (03622) 5-17-56;  0774 -77-86-88,    0709-73-66-37.  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM