Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Акча опузалаган жалган «милиционер» кармалды

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 337 | 0

Бишкек шаарында өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жаран  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

2-майда жалган милиционер И.С. аттуу киши Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен каралган акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды.

Ал алдамчылык жолу менен өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, Бишкектин тургунун камакка алынасың деп коркутуп, 150 миң сом акча талап кылган. Жабырлануучу ИИМге кайрылганга чейин андан 130 000 миң сом алгандыгы аныкталды.

Учурда ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM