Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун аймагында тамак-аштан 35 адам ууланды

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 371 | 0

Ош облусунун аймагында массалык уулануудан 35 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

1-майда ооруканага ууланган адамдар кайрылып, эртеси күнү алардын саны көбөйгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 9 үй-бүлө тамак-ашка ууланган, жалпы 35 адам жабыркаган. Алардын ичинде 14 жашка чейинки 18 бала бар.

Жабыркагандар Кара-Суу районундагы «Сахобат» деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочторду жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан.

Аталган кондитердик цех пландан тышкары текшерилип, кожоюнуна 7500 сом өлчөмүндө айып салынган. Ал эми цехтин азыктары дүкөндөрдөн алынганы кабарланды.

Учурда 14 бала ооруканада дарыланып жатат, калган жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM