Социалдык тармактарда жаш баласын унаа башкартып бара жаткан айдоочу тууралуу маалымат тараган. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, ал киши өзүн социалдык тармактардан көрүп, кайгуул кызматына байланышка чыккан.
Кайгуул кызматкерлери ага карата тийиштүү протокол толтуруп, мыйзамды сыйлоону эскертип, 5500 сом өлчөмүндө айып салды.
Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
2 пикир