Биз менен байланышыңыз

Канттагы цемент заводунун кирешеси салыштырмалуу өстү

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 521 | 0

«Кант цемент заводу» ААКы 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 900 миллион сомдон ашык таза киреше алган.

Бул тууралуу компаниянын акционерлеринин 28-апрелде өткөн жалпы жыйынында айтылды.

Кирешенин 899 млн 970 миң сомун акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшоо чечими кабыл алынган. Калган 81,2 миң сому комбинаттын карамагында калды.

2020-жылга салыштырмалуу Кант цемент заводунун таза кирешеси 3,5 эсе көбөйүп, 256,4 миллион сомго жеткен. 2019-жылы түшкөн пайда болгону 70,7 миллион сомду түзгөн.

Кыргызстанда Кант, Кызыл-Кыя жана Араван цемент заводдору бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM