Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда окуучу өзүн-өзү асып алганы аныкталды

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 980 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу өзүн-өзү асып алганы аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну 2-май күнү саат 17:40 чамасында өзү жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болгондугу боюнча милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө тобу барган. Ал аймактагы орто мектептин 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, мал сарайга кирип, асынып алганы аныкталды.

Бул факты Кадамжай милициясында катталып,  текшерүү иштери башталды.

Мерт болгон окуучунун атасы Ош шаарында дарыланып жаткан, ал эми апасы Орусияда миграцияда жүргөндүгү маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM