Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт

Кыска кабар | 3 мая 2022 | 247 | 0

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест жана COVID-19га карата эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат талап кылынбайт. Бул тууралуу коронавируска каршы чараларды көрүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.

Мындай чечим Министрлер кабинети тарабынан өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын азаюусуна байланыштуу кабыл алынды.

Бирок дүйнөдө пандемия аяктай электигин эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы күчөтүлүүдө.

Эпидемиологдордун божомолу боюнча коронавирус инфекциясынын кезектеги толкуну майдын аягы, июнда болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM