Биз менен байланышыңыз

Эртең Венгриянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 474 | 0

Эртең, 3-майда Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.

Ошондой эле Кыргызстан жана Венгриянын тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы алдында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйынын өткөрүү пландалууда.

Петер Сийярто өткөн жылдын апрель айында Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон.

Ошондой эле өткөн жылы баштапкы капиталы 16 млн долларды түзгөн кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылган. Фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат: кыргыз тараптан 3 өкүл, венгер тараптан 2 өкүл. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM