Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Бишкекте 3-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус жылуу.