Биз менен байланышыңыз

Рахмон кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 1004 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Гуманизм идеяларына толгон бул куттуу майрам жаркын ислам дининин өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук, кайрымдуулук, боорукердик, тилектештик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү сыяктуу бийик баалуулуктарын камтыйт.

Тарыхый бекем салттарга ээ болгон достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү менен биздин өлкө элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык биргелешкен жаратмандык күч-аракет менен мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Тажикстандын президенти бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн ушул берекелүү күндөрдө бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM