Биз менен байланышыңыз

Сокулукта сүттү сууга төккөн айдоочунун өздүгү такталды

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 814 | 0

Сокулукта 8,5 тонна сүттү сууга төккөн айдоочунун өздүгү такталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда сүт ташыган жаран сүттү унаадан сууга төгүп жаткан видео тараган. Аталган факты боюнча Сокулук райондук милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, сүт ташыган айдоочунун өздүшү такталган. Ал Сокулук районунун 30 жаштагы Г.Г. аттуу тургуну болгон.

Сүт ташуучу унаанын айдоочусу сүттү Сокулук районунун Жаңы Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн 30-апрелде чогултуп, сүттүн курамы белгиленген талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес. Ошого байланыштуу 1-майда саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү каналга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Чүй облустук милициясы тарабынан Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алып жаткан жеке ишканалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болгон.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүүлөр уланууда.

Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM