Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президенти кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 182 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Тарыхый достук жана жалпы баалуулуктар менен тыгыз байланышкан Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жалпы өнүгүүсүнүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Акыркы жылдарда биздин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жемиштүү жолугушууларыбыздын алкагында жетишилген бардык макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана дос элдерибиздин келечеги үчүн дагы жигердүү кызматташууга негиз болуп кызмат кылат», — деп айтылат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, узун өмүр жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM