Биз менен байланышыңыз

Мектептеги зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 340 | 0

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева мектептерде балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана реакция кылуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Кеңшмеге президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери катышты. Анда балдар арасындагы мыйзам бузуулар, ата-энелердин жоопкерчилиги жана жашы жете электердин арасында зомбулуктун алдын алуу боюнча маселелер каралды.

Кеңешме жүрүшүндө акыркы учурда мектептеги зомбулук жөнүндө маалыматтар көбөйгөнү белгиленди. Буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдарына жана министрликтерине мындай окуялардын алдын алуу жана аярлуу учурлар аныкталганда  балага эрте жардам берүүнүн алгоритмин жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле окуучуларды мектептен тышкаркы уюмдарга, ийримдерге жана спорттук секцияларга тартуу, мектепте смартфон колдонууга тыюу салуу маселесин иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында жумушчу тобун түзүү, ошондой эле жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын жакшыртуу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM