Биз менен байланышыңыз

Түркиянын вице-президенти кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 118 | 0

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстандын жалпы элин ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаровго жолдонгон куттуктоо катында бай тарыхы бар Орозо айт майрамы өзүнө жаратмандыкты жана улуу руханий мазмунду камтып тургандыгы айтылат.

Куттуктоодо ошондой эле бир тууган кыргыз элине тынчтык, жакшылык, бакубатчылык жана алдыга коюлган бардык пландардын ишке ашуусу тууралуу каалоо-тилектер айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM