Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров орозо айт намазын эски аянтта окуду (сүрөт)

Кыска кабар | 2 мая 2022 | 430 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда Бишкек шаарынын эски аянтында өткөн Орозо айт намазына катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Бишкектеги Орозо айт намазына ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, дин өкүлдөрү жана миңдеген кыргызстандыктар катышты.

Эскерте кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу айт намаздарды окууга тыюу салынса, 2021-жылы аралыкты так сактоо менен мечиттерге гана окууга уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM