Биз менен байланышыңыз

Ошто эмгекчилердин жөө жүрүшү өттү

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 202 | 0

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын борбордук аянтында эмгекчилердин күнүнө карата шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын жүрүшү өттү.

Иш-чарага Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары О.Арстанбеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Айдарбекова, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, профсоюздардын ветерандары, ар кыл тармактын эмгек сиңирген ишмерлери катышты.

Жүрүшкө саламаттыкты сактоо, билим берүү, коммуналдык чарба, жогорку жана орто атайын окуу жайларынын эмгек жамааттары чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM