Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы 40 млн сомдук мыйзамсыз товарларды кармады

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 446 | 0

Бажы кызматкерлери тарабынан кальян үчүн тамекинин ири өлчөмүн мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди .

ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө,  «К.» жоопкерчилиги чектелген коомдун дарегине «Достук «өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстан-Кыргызстан каттамы боюнча жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Аталган транспорт каражатын текшерүүдө, Түркияда өндүрүлгөн  Serbetli маркасындагы кальян үчүн тамеки  табылган. Жүктүн жалпы салмагы 28 848 кг. түздү, анын болжолдуу наркы 40 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, келтирилген зыянды аныктоого багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM