Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 156 | 0

Бүгүн, 1-майда түрк тараптын демилгеси менен Кыргызстандыш тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мевлют Чавушоглу Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Алар жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Түркиянын өлкө башчыларынын деңгээлинде Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти Кыргызстанда өткөрүү маселесин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM