Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквиемге катышат

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 508 | 0

«Мен жылдагыдай эле өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам». Мындай пикирин президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Президент өз билдирүүсүндө 9-май — Жеңиш күнүнө карата жөө жүрүшкө тыюу салууга эч кимдин акысы жок экендигин жазган.

«Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес. Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май — Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам» , — деди ал.

Бишкекте 9-майда Жеңиш майрамына карата аскердик парад болбойт. Анын ордуна Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгына арналган эскерүү митинги өтөт. А бирок «Өчпөс отко» гүлчамбар коюу, «Өлбөс полк» жүрүшү, «жоокер боткосу» салттуу негизде уюштурулат.

Иш-чарага согуштун жана ооруктун ардагерлери, ардагерлер уюмунун, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле борбордун тургундары, коноктору катышат.

Эске салсак, 2020-2021-жылдары бийлик коронавирус пандемиясынан улам 9-май — Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленбей калган. Маданият министрлиги өлкө боюнча онлайн «Өлбөс полк» уюштурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM