Биз менен байланышыңыз

Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасы бир айда ирээтке келтирилет

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 168 | 0

30-апрелде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасына барды. Облус башчысы шаркыратманын айланасында башаламан жайгашкан соода күркөлөрүн, ажатканаларды, тосмолорлу сүрдүрүп, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүүнү тапшырды.

«Абшыр-Ата шаркыратмасына жылына 100 миңдеген коноктор келет. Бирок бул жайда алардын эч алуусуна шарт жакшы эмес. Ошондуктан тез арада биз башаламан жайгашкан соода күркөлөрүн ирээтке келтирип, ажатканаларды жаңылап, кооздоп шарт түзөбүз»,-деди Зиядин Жамалдинов

Жамалдинов соода-сатыкты ирээтке келтирип, заманбап павильон курууга жана ажатканаларды жаңылоого 1 айлык мөөнөт берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM